05:57
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Курулуш тармагындагы эреже бузуулардын көбөйгөндүгү айтылды

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык кызмат министрлигинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда курулуш тармагындагы эреже бузуулардын көбөйгөнү байкалууда.

2025-жылдын октябрь айында уруксатсыз турак жай куруу учурларынын саны 9дан 99га чейин көбөйгөн. Салынган айып пулдардын суммасы 210 000ден 3 383 500 сомго чейин жогурулаган.

Берилген буйруктардын саны да көбөйгөн. Октябрь айында аныкталган эреже бузуулардын саны 28ден 77ге чейин көбөйгөн. Көрүлгөн административдик чаралардын саны — 36га салыштырмалуу 56 жогорулаган. Айып пулдар 4 746 000ден 27 363 000 сомго чейин көбөйгөн.

Октябрь айында реестрге 159 мүлк кошулган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13кө аз.

Эң көп окулган жаңылыктар