09:31, 19 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын 23 жашка чейинки курама командасы «Манас Кубогунун» финалында Орусиянын 21 жашка чейинки курама командасына утулуп калды. Бул тууралуу Kыргыз футбол биримдиги социалдык баракчасында жарыялады.
Оюн 18-ноябрда Манас шаарында өтүп, 8:0 эсебинде орусиялык команданын пайдасына аяктады.
Жеңиш үчүн орусиялык команда 50 000 доллар, ал эми экинчи орунду ээлеген Кыргызстандык команда 30 000 доллар алды. Төртүнчү жана бешинчи орунду ээлеген Иран менен Бахрейндин командалары тиешелүүлүгүнө жараша 20 000 доллар жана 10 000 доллар алышты.