Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Кандо Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
АӨБнын президенти жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азиянын аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БААЭК) «Жашыл жана санариптик БААЭК» темасында 24-министрлер конференциясына катышат.
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен Тажикстандын кырсыктарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн чыңдоого жардам берүү үчүн 56,4 миллион долларлык программаны бекиткени мурда кабарланган.
Программа Азия өнүктүрүү фондунун 53,1 миллион долларлык гранты жана Азия-Тынч океан климаттык фондунун 3,3 миллион долларлык биргелешип каржылоосу менен каржыланат.


