15:39
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.07

Шайлоо −2025: БШК эки талапкерге жана бир жаранга айып пул салды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия Жогорку Кеңешке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин бузгандыгы боюнча маселени карады. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, WhatsApp билдирүүлөрүн мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында № 20 округ боюнча талапкер Темирлан Айтиевдин үгүт баннерлери Бишкектеги үйлөрдүн короолорундагы бак-дарактарга илинип турганы аныкталган.

Мыйзамга ылайык үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларды, адырларды, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай түрдө болбосун пайдаланууга тыюу салынат.

Ошондой эле Facebook социалдык тармагында жаран Мухара Сатыбалдиева № 30 шайлоо округунан талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазганы аныкталды.

Ал эми Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү талапкер Илимбек Кубанычбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгын маалымдаган. Ал Кара-Суу шаарында тиешелүү келишим түзбөстөн жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына үгүт баннерлерин илген.

Натыйжада талапкерлер И.Кубанычбековго жана Т.Айтиевге карата 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми М.Сатыбалдиевага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Учурда үгүт өнөктүгү уланып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар