15:40
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.07

Жер мунапысы. Былтыр Бишкекте жарандар 2600 арыз беришкен

2024-жылы жарандар жеке турак жай курулушу жана шаар курулушу департаментине жер мунапысынын алкагында 2605 арыз беришкен. Бул тууралуу Бишкек мэринин муниципалитеттин ошол мезгилдеги ишмердүүлүгү боюнча отчетунда айтылган.

Документке ылайык, алардын ичинен:

  • Ленин районунда 1095;
  • Октябрь районунда 181;
  • Биринчи май районунда 665;
  • Свердлов районунда 664.

Борбор калаа боюнча жерди мунапыска алуу боюнча комиссиялардын 76 жыйыны өткөрүлдү. Натыйжада, 2657 оң чечим кабыл алынып, 9 арыз четке кагылып, шаар курулушу боюнча отчетторду даярдоо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине 2205 материал жөнөтүлдү.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Сокулук жана Аламүдүн райондук администрацияларынын кабыл алуу актыларынын негизинде 18 219 жаран арызы түшкөнү такталууда.

Жерди мунапыс кылуу боюнча комиссия Сокулук жана Аламүдүн административдик райондорунда 25 жыйын өткөрүп, 6 298 арызды карап чыккан. Жерди башкаруу пландарын жана жер участокторунун долбоорлорун даярдоо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине 3 574 арыз берилип, 2 130 оң чечим кабыл алынган.

Мэрдин отчету шаардык кеңештин кароосуна сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар