15:46
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.07

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун жаңыланган бөлүгү ачылды

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун 0-чакырымынан 25-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү иштер аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, анын жалпы туурасы 17,6 метрди түздү.

Коопсуздукту жогорулатуу максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, жол сызыктары чийилди.

Мындан тышкары, 36 суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп, 3 ири көпүрө жаңыланды.

Эң көп окулган жаңылыктар