Беловодский айылындагы темир жол өтмөгү 20-ноябрда жабылат

14:03, 19 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Беловодский жана Шопоков станцияларынын ортосундагы тилкедеги 3742-чакырымдагы темир жол өтмөгү 20-ноябрда убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, бул тилкеде саат 8:00дөн 17:00гө чейин жолду оңдоо иштери жүргүзүлүп, эскирген R50 рельстери R65 рельстери менен алмаштырылат.

Өтмөк жабылган учурда Москва районунун Беловодский айылындагы Проездная көчөсү (3740-чакырым) жана Крупская көчөсү (3748-чакырым) боюнча айланма жол түзүлөт.