22:55
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Бишкектен Караколго каттамдар жумасына төрт жолу аткарылат

«Кыргызстан аэропорттору» ААК
Фото «Кыргызстан аэропорттору» ААК. Бишкектен Караколго каттамдар жумасына төрт жолу аткарылат

«Асман» авиакомпаниясы Бишкектен Караколго каттамдардын жыштыгын кеңейтүүдө. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаадан Караколго каттамдар эми жумасына төрт жолу — дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Авиакаттамдардын баасы 3600 сомдон башталат.

Кыш мезгили жакындап калгандыктан, бул тоолуу аймакка саякаттоону пландап жаткан саякатчылар үчүн ыңгайлуу болуп саналат.

Билеттерди расмий веб-сайттан жана «Асман» авиакомпаниясынын мобилдик тиркемесинен сатып алса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар