16:03, 19 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Президент Садыр Жапаров «2025—2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын «Саламат жүрөк» улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары калктын өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2023-жылы өлүмдүн түзүмүндө жүрөк-кан тамыр ооруларына өлүмдүн бардык учурларынын жарымынан көбү (52,3 %) туура келген.
Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр ооруларынан (ЖКО) жана жугуштуу эмес оорулардан (ЖЭО) мезгилсиз өлүмдү 25 %га азайтуу жана социалдык-экономикалык жүктү жеңилдетүү болуп саналат.
Калктын бардык категориялары үчүн медициналык жардамды алуунун бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган алдын алуунун, эрте аныктоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун туруктуу, интеграцияланган, санариптик жана бейтапка багытталган системасын түзүү аркылуу максатка жетүү пландалууда.
ЖКОдо жана ЖЭОдо алдын алуу, диагностикалоо, дарылоо жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү негизги стратегиялар үй-бүлөлүк деңгээлде өзүн-өзү контролдоодон жана алдын алуудан улуттук борборлордо жогорку технологиялык жардам көрсөтүүгө чейинки медициналык жардам көрсөтүүнүн толук циклин камсыз кылган, Программага киргизилген өз ара байланышкан багыттардын комплексин билдирет.
Калктын саламаттыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын эң жогорку артыкчылыгы жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Жарандардын саламаттыгын камсыз кылуу мамлекеттин гуманитардык жана социалдык милдети эле эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу катары да каралат.
Саламаттык сактоо системасын трансформациялоо, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана башка жугуштуу эмес оорулардын жүгүнүн өсүшү, калктын улгайышы, сапаттуу медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүндө теңсиздиктин күчөшү, ошондой эле калктын жашоо образынын өзгөрүшүнүн шартында бейтаптарды алдын алууга, эрте диагностикалоого, натыйжалуу дарылоого жана реабилитациялоого багытталган заманбап, интеграцияланган, туруктуу жана бейтапка багытталган чечимдерди өнүктүрүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
Жарлыкка ылайык, Медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калктын саламаттыгын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025—2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын «Саламат жүрөк» улуттук программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025—2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын «Саламат жүрөк» улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;
Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча милдеттүү чараларды кабыл алсын;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турсун.