16:13, 19 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү жана Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иш сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр жана учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.