16:25, 19 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кумтөрдүн 10 айдагы жалпы кирешеси 80 млрд сомго жетти. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10 айында ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы кирешеси план боюнча 55 млрд 127 млн сом болсо, иш жүзүндө 80 млрд сомду түздү.
Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 млрд 373 млн сом болсо, иш жүзүндө 36 млрд 900 млн сомго жетти.
Мамлекеттин бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 14 млрд 43 млн сом болсо, иш жүзүндө 16 млрд 272 млн сомго жетти.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылы дивиденд түрүндө 12 млрд 900 млн сом төлөө пландалса, иш жүзүндө 13 млрд 49 млн сом которулду.