17:04, 19 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
22-30-ноябрда Бишкекте футбол боюнча U-17 жаштар курама командаларынын арасында 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жана «Алга» спорт комплексинде орун алат.
Кыргызстандын курамасы «B» тайпасында беш курама команда менен күч сынашат. Кураманын оюндарынын баары Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтмөкчү.
Оюндардын жүгүртмөсү:
Кыргызстандын командасы катыша турчу оюндар оюн-зоок жана концерттик программалар менен коштолот. Мелдештин алкагында өтө турчу оюндарга кирүү акысыз.
Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курамасы 12-ноябрдан бери австриялык адис Александр Бауэрдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
Белгиленгендей, тандап алуу оюндарына жалпы 38 курама катышып, алар 7 тайпага бөлүнгөн. Ал эми 2026-жылкы U-17 Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын май айында Сауд Арабиясында өтүп, ага тандоо оюндарынын жыйынтыгында 7 курама жолдомо алат.
Кубоктун финалдык баскычынын жолдомолоруна 2025-жылкы Дүйнө чемпионатында ойногон Азиянын 9 курамасы автоматтык түрдө ээ болгон.