18:36
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Таласта төрөт үйүн модернизациялоодо эреже бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Текшерүү иштеринин алкагында Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө № 1 дарегинде модернизациялоодон өтүп жаткан 2 кабаттуу облустук төрөт үйүндө курулуш талаптарынын аткарылбагандыгы аныкталды. Ошондой эле, курулуш иштерин этабы менен бөлүп кабыл алуу эрежелери одоно бузулган.

Натыйжада курулуш иштерин аткарып жаткан «НакСтрой» ЖЧКсына Укук бузуулар кодексине ылайык, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар