Эртең, 20-ноябрда өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1... +6, күндүз +13... +18;
Талас жергесинде түнкүсүн +1... +3, күндүз +12... +14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1... +6, күндүз +13... +28 градус;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +0... +2, күндүз +7... +9;
Нарын аймагында түнкүсүн −3... −5, күндүз +5... +7 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +3... +5, күндүз 14... +16 градуска жетет.


