10:07, 20 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Октябрь райондук ички иштер бөлүмү «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-ноябрда В.А. аттуу аял милицияга жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Ал болжол менен саат 19:00дө Куттубаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши анын башына катуу нерсе менен урганын билдирген. Натыйжада жабырлануучунун денесине залал келтирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү катары 1998-жылы туулган К.А. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгында кармалган адам мас абалында болгону аныкталган. Тергөө иштери уланууда.