17:29
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Быйыл Кыргызстанда мектеп рэкетинин 27 учуру катталган

2025-жылдын алгачкы 10 айында Кыргызстанда мектеп рэкетинин 27 учуру катталган. Бул тууралуу 24-kg.com маалымат агенттигине жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын координациялоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова билдирди.

Анын айтымында, бул иштердин 17си Жалал-Абад облусунда опузалап акча талап кылуу окуясы боюнча жашы жете элек өспүрүм тарабынан жасалган. Ага карата кылмыш иши козголуп, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Былтыркыга салыштырмалуу, 2024-жылы республика боюнча жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын арасында опузалап акча талап кылуунун сегиз учуру, ал эми 2023-жылы алты учур аныкталган.

Учурда 3000ге жакын өспүрүм алдын алуу көзөмөлүндө турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
20-ноябрь, бейшемби