08:30, 21 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы (ФИФА) өзүнүн расмий сайтында улуттук курама командалардын рейтингин жаңылады.
Кыргызстандын улуттук курама командасы бир тепкичке көтөрүлүп, 1201 упай менен 104-орунга чыкты.
Рейтингде 210 команда бар. Биринчи орунда Испания, экинчи орунда Аргентина, үчүнчү орунда Франция турат.