Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

10:11, 21 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

22-23-ноябрда Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин уюштурулуп турат.

«Жарманкени уюштуруунун максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Фото

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби, жекшенби күндөрү Бишкек шаарында социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп турат.