Саламаттыкты сактоо министринин эки орун басары кызматтан бошотулду

13:09, 21 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Каарманбек Байдавлетов жана Бүбүжан Арыкбаева саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары кызматынан бошотулду. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты 24-kg.com агенттигине тастыктады.

2024-жылдын сентябрь айында бул кызматка дайындалган Каарманбек Байдавлетов башка кызматка которулуп жатканы белгиленди.

Бүбүжан Арыкбаева 2022-жылдын июнь айында дайындалган. Ал ошондой эле Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери болуп иштеген.

Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басарлары азырынча дайындала элек.