13:35, 21 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп Данияр Шейшеканов дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жаңы аким бүгүн, 21-ноябрда райондун жетекчилерине тааныштырылды. Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Данияр Шейшекановго ийгилик каалап, бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.
Маалым болгондой, Данияр Шейшеканов мурда президенттик администрацияда сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү тармагында эксперт болуп иштеген.
Ошондой эле Данияр Шейшеканов мурдагы Бишкек мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлееванын күйөөсү экени белгилүү. Назгүл Түлеева ЦУМ соода борборунун башкы директору кызматын аркалаган жана Old Bishkek долбоорун жетектеген