16:44
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.09

КРВИ учурлары көбөйдү. Мектептерде карантин киргизилиши мүмкүнбү?

Учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу жана Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде карантиндик чараларды киргизүүгө эч кандай негиз жок. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялардан улам окуучулардын сабакка келбей калуу көрсөткүчү болгону 3,2 пайызды түзгөн.

Онлайн окутууга окуучуларды эрте кетирүү чечими балдардын 20-30 пайызы курч респиратордук вирустук инфекциялардан улам гана келбей калганда кабыл алынат.

Мектептерде окуучулардын сабакка катышуусун көзөмөлдөө өлкө боюнча уланууда.

Эскерте кетсек, 10-ноябрдан 16-ноябрга чейин өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча 7966 учур катталган. Бул учурлардын 65,5 пайызы (5200 учур) 14 жашка чейинки балдар болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар