22-ноябрга карата аба ырайы

17:19, 21 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 22-ноябрда өлкө аймактарында күн ачык болот. Синоптиктер билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3... +2, күндүз +11... +16;

Талас жергесинде түнкүсүн −3... −2, күндүз +11... +16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −2... +3, күндүз +13... +18 градус жылуу;

Ысык-Көлдө түнкүсүн −3... +2, күндүз +5... +10;

Нарын аймагында түнкүсүн −7... −12, күндүз +5... +10 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн −1... +1, күндүз +14... +16 градуска жетет.