00:56
USD 87.45
EUR 100.93
RUB 1.10

Шайлоо — 2025: БШК шайлоочулардын соңку тизмесин жарыялады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого катыша турчу шайлоочулардын соңку тизмесин бекитти. Ал «Тизме» порталында жарыяланды.

Мекеме шайлоочулардын тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо участокторунда илине турганын белгиледи. Тизмеге 4 миллион 294 миң 243 шайлоочу кирген.

Эркектер — 2 миллион 81 миң 514 же шайлоочулардын 48,47 пайызы;

Аялдар — 2 миллион 212 миң 729 же шайлоочулардын 51,52 пайызы.

Жашы боюнча:

  • 18 жаштагылар — 104 миң 693 же 2,44 пайыз;
  • 19-35 жаштагылар — 1 миллион 707 миң 851 же 39,77 пайыз;
  • 36-45 жаштагылар — 923 миң 975 же 21,52 пайыз;
  • 46-55 жаштагылар — 650 миң 851 же 15,16 пайыз;
  • 56-65 жаштагылар — 528 миң 771, же 12,31 пайыз;
  • 66 жаштан жогоркулар — 378 миң 102, же 8,80 пайыз.

Эскерте кетсек, кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесин 1255 же 119 номерине чалып, шайлоо участогунда же tizme.gov.kg веб-сайтында текшере алышат. Же болбосо, 119 номерине PIN-код менен SMS жөнөтүү менен. SMS жана чалуулар акысыз.

Эң көп окулган жаңылыктар