Кийинки жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөт

09:11, 24 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандык медициналык кызматкерлердин эмгек акысы 2026-жылдын апрель айынан баштап 50 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Министр саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенгендер көп болгондуктан маянаны көтөрүү мамлекеттик бюджетке бир топ эле күч келтирерин белгилеп, бирок мамлекеттик кирешелердин өсүшү мындай чечимди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип жатканын айтты.

Медицина кызматкерлеринин орточо эмгек акысы учурда 23 000 сомдун тегерегинде. Көбөйтүлгөндөн кийин ал 35-36 000 сомго жетет. Чечейбаев аймактарда иштеген тажрыйбасы мол дарыгерлердин эмгек акысы 100 000 сомго чейин көбөйтүлөрүн убада кылууда

.