Нарын дарыясына кулап кеткен жаранды издөө уланууда

10:40, 24 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн Нарын дарыясына кулаган кишини издөө иштерин улантуу үчүн 123 адам тартылган.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 12 кызматкер, Токтогул ГЭСинен 20 кызматкер, Камбар-Ата ГЭСинен 8 кызматкер жана 60 жергиликтүү тургун катышууда.

Дарыяны изилдөө үчүн он кайык, эхолот жана суу астындагы издөө роботу колдонулууда.

Эскерте кетсек, 20-ноябрь түнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1972-жылы туулган У.Э. Нарын дарыясына кулап түшкөн. Маалымат түшкөндөн бери издөө иштери уланууда.