Мамлекеттик ипотекалык имараттар: «Мурас » комплексинде 1080 батир бүткөрүлөт

11:05, 24 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан «Мурас» турак жай комплексине барып, иштин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда бүткөрүлгөн иштердин биринчи этабында 986 батир пайдаланууга берилген. Учурда бул батирлерде тургундар жашап жатат.

Каныбек Туманбаев ушул жылдын аягына чейин дагы 1080 батирди толук бүтүрүп, жакын арада пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтты. Бул мамлекеттик ипотека аркылуу үй күтүп жаткан жарандар үчүн чоң колдоо болуп саналат.

Ошондой эле ал комплекстеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук бүткөрүү мерчемделгенин баса белгиледи. Натыйжада «Мурас» мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулат.

Каныбек Туманбаев подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл буруу боюнча талап койду. Ал мамлекеттик ипотекалык үйлөрдө адамдар узак жылдар жашай турганын айтып, сапат эң башкы орунда турушу керек экендигин айтты.

Мындан тышкары, ал комплекстин аймагында орнотулган Европадан алып келинген заманбап автономдук откананы өзүнчө белгиледи. Бул Кыргызстанда сейрек колдонулган, энергияны үнөмдөгөн, коопсуз жана туруктуу жылытуу берген жогорку технологиядагы система.

«Мурас» турак жай комплекси Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эң ири долбоорлорунун бири катары жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу ипотекалык үйлөр менен камсыз кылууга багытталган.