Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн 55,36 гектар жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүү жана трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ш.К.С. кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.К.С. мыйзамда белгиленген тартипти бузганына карабастан айрым кызмат адамдары менен кутумга барып, 55,36 гектар аянттагы жер участогунун максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт түзгөнү аныкталган.
20-ноябрда Ош шаардык соту Ш.К.С.ны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп жатат.


