13:07, 24 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө ички иштер органдары коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздайт.
Өздүк курам коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында тартылат.
Мындан тышкары, транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого Бишкек жана Чүй гарнизонунун 4 миңден ашык кызматкери тартылат.
ИИМ мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого жана жол кыймылын жөнгө салууга катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Эске салсак, 27-ноябрда Бишкекте ЖККУ саммити өтөт. Анда аймактык туруктуулукту сактоо жана террористтик коркунучтарды жана экстремизмди нейтралдаштыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланат.