18:23
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.11

«Ала-Арча» жаратылыш паркында канаттууларга экологиялык жем салгычтар орнотулду

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) эмгек жааматы үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында болуп, экологиялык жем салгычтарды орнотушту.

Уюмдан билдиришкендей, иш-чара уюмдун 80 жылдыгына карата уюштурулду.

Экологиялык акцияда канаттуулар үчүн жем салгычтарды орнотууда парктын администрациясы, токойчулары жана егерлери алдын ала ылайыктуу жерлерди тандап, ошондой эле экосистемага зыян келтирбөө үчүн жем салгычтарды туура орнотуу боюнча инструктаж өткөрүп чоң көмөк көрсөтүштү.

«Бул иш-чарага балдардын катышуусу биз үчүн маанилүү. Алар жаштайынан жаратылышка кам көрүү адаттарын үйрөнүш керек. Паркта канаттуулардын 160тан ашык түрү жашайт, алардын көбү сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке киргизилген. Биздин жем салгычтар аларга алдыдагы кышта, тамактанууга жардам берет деген үмүттөбүз», — деп белгилешти уюмдан.
Эң көп окулган жаңылыктар