14:41, 24 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) эмгек жааматы үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында болуп, экологиялык жем салгычтарды орнотушту.
Уюмдан билдиришкендей, иш-чара уюмдун 80 жылдыгына карата уюштурулду.
Экологиялык акцияда канаттуулар үчүн жем салгычтарды орнотууда парктын администрациясы, токойчулары жана егерлери алдын ала ылайыктуу жерлерди тандап, ошондой эле экосистемага зыян келтирбөө үчүн жем салгычтарды туура орнотуу боюнча инструктаж өткөрүп чоң көмөк көрсөтүштү.