18:30
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.11

Оштогу мектептерге президенттин атынан 62 интерактивдүү панел тапшырылды

Президент Садыр Жапаровдун атынан жеткирилген интерактивдүү панелдердин дагы бир партиясы Ошко келди. Х.Абдуллаев атындагы № 41 жана Федченко атындагы № 1 мектептер жаңы жабдууларды алышты. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жеткирүүнүн жалпы баасы 12,4 миллион сомду түзүп, 62 панел тапшырылды.

Жабдууларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, бул камкордук мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Учур талабына жооп берген, мугалимдин ишин жеңилдеткен, окуучунун кызыгуусун арттырган мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү — бүгүнкү күндүн негизги милдети экенин кошумчалады.

Буга чейин 8 билим берүү мекемесине 14 интерактивдүү панель берилген. Алдыда дагы өлкө башчынын атынан заманбап жабдык менен камсыздоо улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар