Эки айдан кийин, Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектинин Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү кайрадан ачылды. Жол азыр алты тилкелүү болгондугун 24-kg.com агенттигине Бишкек мэриясы билдирди.
Эскерте кетсек, жол сентябрь айынын аягында реконструкциялоо үчүн жабылган. Бул бөлүккө жер асты өтмөгү кошулду. Анын жакында ачылышы пландаштырылууда.


