Өлкөнүн синоптиктери билдиргендей, эртең, 25-ноябрда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын жаашы мүмкүн. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +13 ... +18,
Талас жергесинде +11... +16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15... +20,
Ысык-Көлдө +6 ... +11,
Нарында +4... +6,
Бишкек шаарында +16... +18 градус болот.


