11:59
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.11

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо 1,6 эсеге жогорулады

Кыргызстанда 17-ноябрдан 23-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 13 миң 54 учуру катталды. Бул аркы жумага салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык оорулардын 69,4%ы 14 жашка чейинки балдар — 9055 учур. Ооруканага жаткырылгандар — 7,2% (945 учур).

Республикалык көрсөткүчтөн жогору оорунун деңгээли Бишкек, Ош, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталган. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу, мониторинг уланууда.

Сасык тумоо мезгилинин башталышын эске алуу менен төмөнкүлөр сунушталат:

  • Эл көп топтолгон жерлерден (концерттерден, соода борборлорунан) алыс болуңуз. Мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонууну азайтыңыз,
  • Медициналык беткаптарды кийиңиз — алар бетке бекем жайгашып, мурун менен оозду жаап, 2-3 саат сайын же ным болгондо алмаштырып туруу керек,
  • Эгерде биринчи белгилер пайда болсо, башкаларга жуктурбоо үчүн үйдө болуңуз жана балдарды мектепке же бала бакчага жибербеңиз,
  • Оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу — убагында жана жашына ылайыктуу дарылоону алуу зарыл,
  • Балдарды дем алуу органдарынын гигиенасына үйрөтүү: жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө бир жолу колдонулуучу кагаздарды колдонууну, оозду жана мурунду алакан менен эмес, чыканак менен жабууну,
  • Бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип туруу — күнүнө 3-4 жолудан кем эмес 10-15 мүнөт,
  • Төшөк режимин сактоо — грипп жуктурган бейтапты изоляциялоо — мүмкүн болсо, ага өзүнчө бөлмө берүү, өзүнчө идиштерди жана сүлгүлөрдү колдонуу.
Эң көп окулган жаңылыктар