Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо 1,6 эсеге жогорулады
09:00, 25 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда 17-ноябрдан 23-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 13 миң 54 учуру катталды. Бул аркы жумага салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык оорулардын 69,4%ы 14 жашка чейинки балдар — 9055 учур. Ооруканага жаткырылгандар — 7,2% (945 учур).
Республикалык көрсөткүчтөн жогору оорунун деңгээли Бишкек, Ош, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталган. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу, мониторинг уланууда.
Сасык тумоо мезгилинин башталышын эске алуу менен төмөнкүлөр сунушталат:
- Эл көп топтолгон жерлерден (концерттерден, соода борборлорунан) алыс болуңуз. Мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонууну азайтыңыз,
- Медициналык беткаптарды кийиңиз — алар бетке бекем жайгашып, мурун менен оозду жаап, 2-3 саат сайын же ным болгондо алмаштырып туруу керек,
- Эгерде биринчи белгилер пайда болсо, башкаларга жуктурбоо үчүн үйдө болуңуз жана балдарды мектепке же бала бакчага жибербеңиз,
- Оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу — убагында жана жашына ылайыктуу дарылоону алуу зарыл,
- Балдарды дем алуу органдарынын гигиенасына үйрөтүү: жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө бир жолу колдонулуучу кагаздарды колдонууну, оозду жана мурунду алакан менен эмес, чыканак менен жабууну,
- Бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип туруу — күнүнө 3-4 жолудан кем эмес 10-15 мүнөт,
- Төшөк режимин сактоо — грипп жуктурган бейтапты изоляциялоо — мүмкүн болсо, ага өзүнчө бөлмө берүү, өзүнчө идиштерди жана сүлгүлөрдү колдонуу.