03:12
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.11

Шашылыш билдирүү! Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

25-26-ноябрь күндөрү шамалдын күчөшүнө байланыштуу Каракол — Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүп, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

«Каракол — Эңилчек жолуна чыгуудан, жайыттарга мал жаюудан алыс болуңуз. Унаада күрөк, дары-дармек кутучасы, ысык суу ала жүрүүнү унутпаңыз!» — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар