12:05, 25 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жаңы башкы катчысы болуп дайындалды. Ал өз милдеттерин 2026-жылдын 1-январынан тарта аткара баштайт. Бул тууралуу Москвада өткөн брифингде Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин орус басылмалары жазып чыгышты.
Казакстандын өкүлү болгон ЖККУнун учурдагы башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз ыйгарым укуктарын аяктайт. Ал бул кызматты 2023-жылдын январынан бери аркалап келет. Уюмдун уставына ылайык, башкы катчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жыл.
Таалатбек Масадыков учурда ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштейт. Ал Тасмагамбетовдун ордуна келет жана уюмдун катчылыгын жетектейт. «Биз анын Катчылыктын башчысынын кызматына бир топ жеңил өтөөрүнө ишенебиз», — деп белгиледи Юрий Ушаков.
Тасмагамбетов 27-ноябрда Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында сөз сүйлөп, уюмдун иши боюнча отчет берет деп күтүлүүдө. Саммитте ага ЖККУнун биринчи даражадагы ардак төш белгиси ыйгарылат.
Таалатбек Масадыков тажрыйбалуу дипломат жана эл аралык коопсуздук боюнча эксперт. Ал 64 жашта. Ал МГИМОну бүтүрүп, Москва мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктаган, филология илимдеринин доктору даражасына ээ. Ал Лондон экономика мектебинде окуган жана БУУнун түзүмдөрүндө 12 жылдан ашык иштеген. Токио улуттук университетинде сабак берген
2021-жылы ал Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган, кийинчерээк президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болгон. 2024-жылдын январынан бери ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп келе жатат.