12:37, 25 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Чүй облусунун Кемин районундагы «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, компаниянын башкы директору, Кытай жараны Т.Д. тарабынан «Кемин Ресурс Групп» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кемин районунда жайгашкан Долпран алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө экологиялык зыян келтирилген-келтирилбегенин аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматынын кызматкерлеринин арасынан текшерүү комиссиясы түзүлгөн.
Жыйынтыгында, Долпран кенин жеринде текшерүү учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган:
Мындан тышкары, экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Долпран кенинин ишмердүүлүгүндө өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 20-ноябрда Т.Д. аттуу алтын казуучу компаниясынын башкы директору кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.