13:05, 25 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте КРВИ менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, акыркы 24 сааттын ичинде жугуштуу оорулар ооруканасына 421 бейтап кайрылган, алардын 163ү ооруканага жаткырылган. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын токсон пайызы балдар болуп саналат.
Гүлжигит Аалиев медициналык кызматкерлер орундун жетишсиздигине шылтап, эч кимди үйүнө жөнөтпөй турганына ишендирди.
«Жыл сайын биз кошумча керебеттерди даярдайбыз. Чынында эле, ооруканада балдарды ата-энелери же башка туугандары алып келгендиктен, кезек күтүү узун көрүнөт. Ондон он бешке чейин бала кабыл алынат, бирок аларды жетелеп келгендердин саны 30дан ашат. Ошондуктан коридорлор жык толгондой көрүнөт. Биз дене табы көтөрүлгөн, чыйрыгуу же дем алуусу кыйындаган балдарды биринчи орунга коёбуз. Көпчүлүгү жөн гана консультация алуу үчүн баласын алып келишет. Алар өздөрүнүн клиникасына бара алышат, бирок баары бир бул жакка келишет», — деди ал.
Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери тогуз бала учурда реанимацияда экенин кошумчалады.
Саламаттыкты сактоо министрлиги мурда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу, алгачкы симптомдор — дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундан суу агуу, тамак оору же алсыздык пайда болгондо жергиликтүү үй-бүлөлүк медицина борборуна (ЦСМ) кайрылуу сунушталаарын белгилеген.
Ооруканага зарылсыз баруу күтүү убактысынын узарышына, башка вирустарга чалдыгуу коркунучунун жогорулашына жана оорунун, айрыкча балдарда, оор өтүшүнө алып келиши мүмкүн.