13:13, 25 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда.
Ведомстводон маалымдашкандай, мындай жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин уланат.
Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондордогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн график боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген.
Жарманкеде азык-түлүктөр базардагыдан арзан баада сатылып жатат. Келгендер керектүү тамак-аштарды бир аптага жетерлик сатып алса болот.
«Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик мындай демилгелер айыл чарба тармагын колдоого жана региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилейт.