13:35, 25 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры декабрь айындагы репертуарын жарыялады.
Маалыматка ылайык, 3-декабрда түркиялык жазуучу Азиз Несиндин «Торостук зөөкүр» спектакли коюлат. Спектаклдердин көпчүлүгү саат 18:30да башталат.
Декабрь айында коюла турган спектаклдеринин тизмеси:
3-декабрь — А. Несин «Торостук зөөкүр»
4-декабрь — Ж. Садыков «Төлгө»
5-декабрь — Т. Ф.Достоевский «Мармеладовдор»
9-декабрь — Ж. Садыков "Адам«(премьера)
10-декабрь — Ж .Садыков «Адам» (премьера)
11-декабрь — Ж. Садыков «Адам» (премьера)
12-декабрь — Ч.Айтматов «Саманчынын жолу»
18-декабрь — Т. Габбе «Альманзордун шакектери »
19-декабрь — Т. Габбе «Альманзордун шакектери»
20-декабрь — Т. Габбе «Альманзордун шакектери»
21-декабрь — Т.Габбе «Альманзордун шакектери»
24-декабрь — К. Иманалиев «Акыркы кат»
Билеттер театрдын кассасында жана kasir.kg / ticket.kg сайттарында сатылат.