14:36, 25 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитине байланыштуу, расмий делегациялар өтүп жатканда «Манас» аэропортуна кирүүчү жолдор мезгил-мезгили менен жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чаралар иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүүдө
Ошондуктан, жүргүнчүлөргө мүмкүн болгон кечигүүлөрдү болтурбоо жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду аткаруу үчүн аэропортко алдын ала -учуудан кеминде үч саат мурун келүү сунушталат.
Манас аэропорту кадимки режимде иштеп жатат.
Мурда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына жана Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарына байланыштуу 25-27-ноябрь аралыгында Манас аэропорту-Бишкек жана Ысык-Ата-Бишкек автожолдорунда убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилери кабарланган.