02:23
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Ош шаарындагы башкы көчөлөрдүн бирине Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды

Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө бириктирилип, казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды. Көчөнүн башына Абай Кунанбевдин эстелиги жана музейи курулуп, бүгүн салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ачылыш аземине мэр Жеңишбек Токторбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн башчысынын биринчи орун басары Ильяз Ташбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай жана шаар тургундары катышты.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Ош мэриясынын басма сөз кызматы. Ош шаарындагы башкы көчөлөрдүн бирине Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды

Жаңы сейил бак 2858 чарчы метр аянтты ээлейт. Эстелик жана музей тургузулуп, эс алуу жайлары түзүлүп, тротуар төшөлүп, жарыктандырылып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Абайдын бюсту жана парктын өзү эки элдин достугунун символу жана жаштар үчүн маанилүү маданий мейкиндик катары белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар