11:01
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Дүйнө чемпионаты −2026: Чүчүкулак үчүн себеттер бекитилди

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын чүчүкулак үчүн себеттерди бекитти. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайтында жарыялады.

Турнирге жолдомо алган 39 команда 19-ноябрда жарыяланган рейтингге жараша төрт себетке бөлүндү. Ар биринде 12 команда бар. 4-себеттеги алты команда азырынча аныктала элек. Анткени континенттер аралык беттештер жана УЕФАнын плей-офф оюндары март айында өтөт.

1-себет: Канада, Мексика, АКШ, Испания, Аргентина, Франция, Англия, Бразилия, Португалия, Нидерланды, Бельгия, Германия.

2-себет: Хорватия, Марокко, Колумбия, Уругвай, Швейцария, Япония, Сенегал, Иран, Түштүк Корея, Эквадор, Австрия, Австралия.

3-себет: Норвегия, Панама, Египет, Алжир, Шотландия, Парагвай, Тунис, Кот-д’Ивуар, Өзбекстан, Катар, Сауд Арабиясы, Түштүк Африка.

4-себет: Иордания, Кабо-Верде, Гана, Кюрасао, Гаити, Жаңы Зеландия, УЕФАнын А плей-оффунун жеңүүчүсү, УЕФАнын В плей-оффунун жеңүүчүсү, УЕФАнын С плей-оффунун жеңүүчүсү, УЕФАнын D плей-оффунун жеңүүчүсү, Континенттер аралык беттештердин 1 жеңүүчүсү, Континенттер аралык беттештердин 2 жеңүүчүсү.

2026-жылкы Дүйнөлүк Чемпионаттын чүчүкулак тартуу аземи 5-декабрда Вашингтондо өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар