Кыргызстандык спортчу Ызат Ратбеков «Сибирдин күчү» бильярд боюнча дүйнө кубогунда жеңишке жетти. Анын жеңишке жеткенин жолдошу жарыялады.
Турнир 21-ноябрдан 23-ноябрга чейин Новосибирск шаарында өттү. 10 өлкөдөн келген эң күчтүү 135 спортчу күч сынашты. Финалда Ызат Ратбеков төрт жолку дүйнө чемпиону Иосиф Абрамов менен беттешип, жеңишке жетти.
Биринчи орун үчүн бир миллион рубль сыйлык берилди. Сыйлыкты тапшыруу учурунда Кыргызстандын гимни жаңырды.


