Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине жаңы директор дайындалды

11:19, 26 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Тимур Малбашев Министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Фото Интернеттен алынды. Тимур Малбашев
Бошотуунун себептери такталган жок.

Президенттин башка тескемеси менен агенттиктин жаңы директору болуп Бексултан Токонов Тынычбекович дайындалды.

Фото Интернеттен алынды. Бексултан Токонов

Бексултан Токонов 1987-жылы туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун бажы органдарында баштап, кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (Финполицияда) ишин уланткан. Ал жерде тергөөчүдөн бөлүм башчысына чейинки жолду басып өткөн.

2023-жылдан тарта президенттин Иш башкармалыгында эмгектенип келген, алгач референт, андан соң Мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.