12:47
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Орусия Кыргызстанга биологиялык коопсуздукту чыңдоого жаңы лабораториялар берди

Кыргызстанда карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялардын табигый очокторунда колдонуу үчүн иштелип чыккан көчмө ПЦР/ЭЛИСА лабораториясын жана пневматикалык лабораторияны тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдууларды Орусия Федерациясы эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык кызматташтыктын алкагында белекке берген. Иш-чарага Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы Анна Попова башчысы катышты.

Жаңы жабдуулар эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык кызматташтыктын алкагында Россия тараптан белек катары берилди. Бул лабораториялар мурда жеткирилген беш мобилдик блокту толуктап турат. Алар республикада бир нече жылдан бери иштеп келет. Жаңы лабораториялар зарыл жабдуулар менен жабдылган жана эң алыскы аймактарда тез диагностика жана эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңы лабораториялар толук жабдылган жана эң алыскы аймактарда да ыкчам диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар жүк ташуучу унааларга орнотулган, жол бар жерлерге тоскоолсуз жетет. Ал эми пневмокаркастык конструкциясы бир нече сааттын ичинде орнотулуп, кооптуу патогендер менен иштөөгө ылайыктуу, биологиялык коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет.

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айтымында, белекке берилген мобилдик лабораториялардын жана биргелешкен долбоорлордун аркасында өлкө табигый чуманын чыгышын натыйжалуу көзөмөлдөп, санитардык-эпидемиологиялык туруктуулукту камсыз кылып, ар кандай коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн улуттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдап жатат.

Мобилдик лабораториялар ар кандай аймактарга тез жетип, эпидемиологиялык кырдаалды жеринен баалоого жана коркунучтарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар пневматикалык каркас менен жабдылып, биологиялык коргоонун бардык деңгээлдерине жооп берет. Бул жабдыктар тобокелдиктерди жаратпастан, кооптуу инфекциялардын жайылышын алдын алууга шарт түзөт.

ВИЧ инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Россия Федерациясы тарабынан берилген он мобилдик клиника-лаборатория өлкө аймагында ийгиликтүү иштеп жатат. Учурда 103 миңден ашуун адам ВИЧ жана башка оорулар боюнча текшерүүдөн өттү. Гепатит В боюнча дагы чоң ийгиликтер бар. Россия тарабынан 700 миңден ашык доза вакцина берилген.

Белек катары берилген лабораториялар Орусияда өндүрүлүп, керектүү компоненттер менен камсыздалган жана кепилдик менен келет. Орусия тарап зарыл болгон учурда техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар