13:34
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Түндө Бишкекте Элебесов көчөсүндө дарак кулап, унааны басып калган

Түн ичинде Бишкектеги Элебесов көчөсүндө чоң терек кулап, өтүп бара жаткан унааны тосуп калган. Окуянын сүрөттөрүн күбөлөр социалдык тармактарга жарыялашты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу жана жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Коммуналдык кызматтар даракты тез арада алып салышкан. Көчөдөгү жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар