15:12, 26 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте добуш сатып алуу менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
Тергөөнүн маалыматы боюнча, паракорчулукту Жогорку Кеңешке талапкер А.Л.нын жакын туугандары — анын кызы (1988-жылы туулган Салтанат Исманова) жана жээни (1998-жылы туулган Шаабидин Токтосартов) уюштурган.
Милиция добуш сатып алуу үчүн 360 000 сом которгондугу аныкталганын билдирди.
Факт боюнча аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде (Талапкер же анын жакындары жасаган добуш сатып алуу) айып сырттан коюлуп, камакка алуу чечими чыгарылган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
БШКнын маалыматында Лира Акунова Салтанат Исманованы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып каттатканы көрсөтүлгөн. Акунова Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин № 22 шайлоо окуругунан койгон.