Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош облустук милиция бөлүмүнүн эки кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Камакка алуулар 22-ноябрда кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында болгон. Пара талап кылынган сумма 300 000 сомду түзгөн.
Маалыматка ылайык, Араван РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасынын инспектору, милициянын подполковниги М.Ж. жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору С.А. тергөөгө чейинки текшерүү иштерин оң жакка чечип берүү үчүн жарандан аталган сумманы талап кылган.
Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.
Атайын кызмат учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.


